«Манас» аэропорту Ысык-Көлдөгү пансионатын аутсорсингге берет

  • 1 год мурун

«Манас» эл аралык аэропорту Ысык-Көлдөгү пансионатын ыкчам башкарууга (аутсорсинг) берүү үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аутсорсингге берилчү объекттердин ичинде «Аэропорт Манас» пансионатынын 155 адамга ылайыкталган үч кабаттуу корпусу, «Асыл-Таш» корпусунун 2-кабаты жана пансионаттын аймагындагы 80 орундуу ашкана бар.

Бул объекттер ыкчам башкарууга үч айга — июндан август айына чейин берилет.

Объекттерди убактылуу алгандар жумушчуларды өздөрү топтоп, бардык чыгымдарды көтөрүшөт. Ошол эле тапта аэропорттун кызматкерлерин бекитилген баанын негизинде жайгаштырууга милдеттендирилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты