«Манас» аэропорту: «Ташкенттен Бишкек шаарына каттамдардын жыштыгы көбөйтүлдү»
- 2 года мурун
Ташкенттен Бишкек шаарына каттамдардын жыштыгы көбөйтүлдү. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
2022-жылдын июль айында «Ташкент-Бишкек-Ташкент» багыты боюнча кошумча каттамдар ачылды. «Узбекистон хаво йуллари» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды дүйшөмбү, шаршемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарып жатат.
Эске салсак, бул убакытка чейин Ташкент шаарынан Бишкекке авиакаттамдар жумасына 2 жолу гана аткарылып келген.
Муну бөлүшүү