«Манас» аэропорту FRU кодун BSZ деп өзгөрттү
- 10 месяцев мурун
11-августтан тарта «Манас» эл аралык аэропорту расмий түрдө IATA кодун өзгөртөрттү.
«Кыргызстан аэропорттору» компаниясы кабарлагандай, FRU кодунун ордуна BSZ коду колдонулат.
Өзгөртүү IATA 763 резолюциясына ылайык жүзөгө ашырылат жана 9-майында жөнөтүлгөн кабарлоодон тарта 90 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин күчүнө кирет.
Жаңы кодго өтүүгө байланыштуу компания бардык системалардын туруктуу иштешин жана каттамдарды туура тейлөөнү камсыз кылуу үчүн техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплексин ишке ашырууда.
Муну бөлүшүү




