Мамытов Матвиенко менен жолугушууда мигранттар жана жүк ташуу маселесин көтөрдү

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 29-мартта Казакстандын Алматы шаарында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумунун алкагында Орусиянын Федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жолугушууда тараптар өз ара алака-катыш, кызматташууну талкуулаганы айтылат.

“Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) жөнүндөгү келишимде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү так белгиленгенин айткан Талант Мамытов кыргыз жарандарына карата миграциялык талаптарды жеңилдетүүнү өтүндү. Муну менен катар эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын, ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен кыргыз жарандары үчүн кезектеги “миграциялык амнистияны” өткөрүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга чакырды”, — деп айтылат маалыматта.

Талант Мамытов ошондой эле унаа жана темир жол каттамдарына да киргизилген чектөөлөрдү алуу маселесин көтөргөн.

Матвиенко бул маселелер орус өкмөтүнүн кароосуна жөнөтүлөрүн билдирген.

Мунун алдында кыргызстандык жүк ташуучулар Орусия менен Казакстандын чек арасынан товар алып өтүү соңку күндөрү кыйындап, чоң түйшүккө айланганын айтып чыгышкан.

Социалдык тармактарда казак-орус чек арасындагы «Маштаково» бажы бекетинин жанында кыргызстандык жүк ташыган машинелердин каз-катар бир канча чакырымга созулуп тизилип турганы, жүктөрдү түшүртүп, кайра жүктөтүп жатканы тартылган видеолор тараган.

Мамытов менен Матвиенко өткөн айда Москвада жолуккан. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Орусияда “кара тизмеге” кирген кыргызстандык жарандар тууралуу сөз кылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты