Мамыржан Рахимов Баткендин чек арадагы айылдарын өнүктүрүү боюнча президенттин өкүлү болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Баткен шаарынын мурдагы мэри Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамыржан Рахимов 1968-жылы Баткен айылында туулган. Эмгек жолук Баткен облустук администрациясындагы «Баткентранс»  муниципалдык ишканасында темир уста болуу менен баштаган. 2012-2017-жылдары Баткен шаардык кеңешинин депутаты, 2017-2021- жылдары Баткен шаарынын мэри болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты