Мамлекеттик салык кызматынын инспектору кармалды

  • 2 года мурун

18-январда Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын инспектору опузалап пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК жооптуу кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик салык кызматынын К.А.А. аттуу инспектору тарабынан опузалап акча талап кылуу жана документтештирүү фактысын аныктаган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 500 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда аталган инспектор кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Учурда тергөө иштери улантылып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты