Мамлекеттин үлүшү бар ишканалар 2021-жылы 11 млрд сом киреше тапкан

  • 2 года мурун

2021-жылы мамлекеттин үлүшү бар ишканалар 11 миллиард сом киреше тапкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымдады.

Анын айтымында, мамлекеттик компаниялардын кирешеси мурдагы жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн.

«11 миллиард сом — бул «Кумтөрдү» кошпогондо түшкөн таза киреше. Анын негизги бөлүгү «Манас» Эл аралык аэропортунан (4 млрд), «Кыргызалтындан» (2,7 млрд), «Кыргызнефтегаздан» (2 млрд) жана «Альфателекомдон» (1,5 млрд) түшкөн. Мамлекеттик активдердин жалпы баасы 185 млрд сомду түзөт», — деп билдирди Мирлан Бакиров.

Мамлекеттин менчигиндеги мүлктү сатуу, ижарага берүү, конфискацияланган объектилердин базасында бюджетке киреше алып келүү милдетин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аткарат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты