Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер аттестациядан өтөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу маалымат 2-июнда президенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматта жарлыктын максаты мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик билимдеринин, иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо экени айтылат.

Ага ылайык, мамлекеттик жарандык кызматкерлерди жана муниципалдык кызматкерлерди аттестациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтөөнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты