Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин жаңы редакциядагы долбоору талкуудан өтүүдө

  • 2 года мурун

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин жаңы редакциядагы долбоорун иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун иши уланууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул мекемелер аралык жумушчу топ президенттин администрациясынын жетекчисинин буйругуна ылайык, жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана аткаруу бийлигин кайра уюштурууну эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин оптималдаштыруу максатында түзүлгөн. 

Тараптардын пикирлерин жана позицияларын эске алуу менен жаңы редакциядагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринин толук кандуу долбоорун иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери жана эксперттер тартылган.

Учурда жумушчу топ мамлекеттик жарандык кызмат орундарын камтыган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын Реестринин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча иштерди жыйынтыктады.

Ошондой эле жумушчу топ аскердик жана укук коргоо органдарындагы мамлекеттик кызмат орундарын камтыган Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин талкуулоону улантарын белгилейбиз. Бул талкуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бир нече күнгө уланат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты