Мамлекеттик туунун авторлорунун бири, КР эл сүрөтчүсү Бекбосун Жайчыбеков дүйнөдөн кайтты

  • 1 неделя мурун

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков 6-сентябрда 76 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармактарда кабарлады.

Бек Жайчыбеков 1948-жылы 27-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Корумду айылында туулган. Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын жана Москва полиграфия институтун аяктаган. Ал «Мектеп», «Кыргызстан», «Адабият», «Шам», “Кут аалам»  басмаларында улуу көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп иштеген.

Жайчыбеков — Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү сүрөтчүсү. Түркмөнстан, Беларус, Казакстан, АКШ, Швейцария мамлекеттеринин китеп басмаларынын, ошондой эле «Сорос-Кыргызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык, эл аралык китеп конкурстарынын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон.

Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн КР билим берүүсүнүн отличниги (2007), КР маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.

Бекбосун Жайчыбеков “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү”, Бишкек шаарынын, Ысык-Көл облусунун арадактуу жараны. “Даңк” медалы менен сыйланган.

Бекбосун Жайчыбеков — Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири.   

Сүрөттө: Бекбосун Жайчыбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты