Мамлекеттик туунун авторлоруна ардактуу наамдар ыйгарылды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-мартта, Кыргызстандын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик символдун авторлору Жусуп Матаев, Бекбосун Жайчыбеков жана Эдил Айдарбеков менен жолугушту.

Кыргызстан элинин руханий маданиятын байытууга кошкон салымы үчүн сүрөтчү, Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучусу Жусуп Матаевге жана сүрөтчү, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр бирлигинин» мүчөсү Бекбосун Жайчибековго «Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» ардактуу наамы ыйгарылды. Ошондой эле Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин архитектура кафедрасынын улук окутуучусу Эдил Айдарбековго «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты