Мамлекеттик тилди билүүгө талаптар күчөтүлдү
- 11 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик тилди билүүгө талаптарды күчөткөн мыйзамга кол койду.
Документ мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн жөнгө салган айрым мыйзамдарды «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер, прокурорлор, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик орган жетекчилери, соттор, улуттук банктын кызматкерлери өкмөт аныктаган деңгээлде кыргыз тилин билүүгө милдеттүү.
Бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо кыргыз тили окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болушу керек.
Сот процесстери мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, бирок расмий тилди да колдонсо болот.
Жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексти мыйзам талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши үчүн жергиликтүү орган менен макулдашылышы зарыл.
Кулактандыруу, жарыя, көрнөктөр алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы керек.
Мыйзам 25-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.




