Мамлекеттик тил боюнча талаптарды сактабагандыгы үчүн 4 каналдын лицензиясы алынды

  • 2 года мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда иш алып барган телеканалдарда лицензиялык көзөмөл жүргүздү.

Министрликтен билдиришкендей, лицензиялык көзөмөл “Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө” жободо жана “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамында белгиленген уруксат талаптарынын сакталышын текшерүү максатында жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, жогорудагы жобонун 31-пунктуна ылайык, мурда эскертүү алган жана айып пул төлөгөн телеканалдарда мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эреже талаптарын сактоо боюнча бузуулар аныкталган.

Анын негизинде “8 канал”, “РТВ Медиа”, “НТВ КейДжи” жана “Домашний” телеканалдарынын жайгаштыруу уруксаты токтотулду.

Мындан тышкары “РЕН ТВ” телеканалынын берилген уруксатын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде 2022-жылдын 1-январынан баштап эфирге чыгууну токтотот.

Маалыматта келерки жылдын январь айынан тарта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Кыргызстандын аймагында иш алып барган бардык телерадио уюмдарында пландуу текшерүү жүргүзүлөрү айтылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты