Мамлекеттик органдардын социалдык тармактарда маалымат берүү өнөктүгү башталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 19-августтан тартып министрликтердин, мамлекеттик мекеме-органдардын жетекчилери социалдык тармактар аркылуу жума сайын аткарган кызматы тууралуу отчет берип турат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 19-августка карата жадыбалды жарыялады.

Ага ылайык, эртең менен Фейсбук жана Инстаграм аркылуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов аталган мекеменин иши тууралуу суроолорго жооп берет.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касейиновго жер жана суу ресурстарын башкаруу саясаты, мөңгүлөрдүн учурдагы абалы жана анын келечегине байланыштуу суроолорду берсе болот.

Экономика жана коммерция министрлинин орун басары Чоро Сейитов быйылкы жарым жылдыктагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берет.

Ошондой эле бул күнү Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана Социалдык фонддун жетекчилери соцтармактарда түз эфирге чыгат.

Өткөн айда Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында президент Садыр Жапаров өкмөт өкүлдөрүн маал-маалы менен жер-жерлерди кыдырып жана соцтрамактар аркылуу коомчулукка маалымат берип турууну тапшырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты