Мамлекеттик органдар жарандарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча иштерди улантууда

  • 2 года мурун

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар жана качкындар юридикалык консультация алууга укуктуу.

Юридикалык консультациялык жардам бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан оозеки, кат түрүндө, ошондой эле башка коммуникациялык жеткиликтүү байланыштардын төмөнкү түрүндө берилиши керек:

— укуктук маалымат;

— укуктук маселлер боюнча консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүү;

— арыздарды, даттанууларды жана юридикалык мүнөздөгү башка документтерди (процессуалдык мүнөздөгү документтерден тышкары) түзүү;

— адамдын квалификациялуу юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

— юридикалык жардамдын башка түрлөрү.

Президенттик администрация бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча маселени жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты