Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 10 месяцев мурун

Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигинин Контролдук-инспектордук иш башкармасы менен биргеликте мамлекеттик нотариус Ж.М.Ж тарабынан жеке баюу максатында уюштурулган мыйзамсыз кирешелерди алуу механизми аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Ж.М.Ж. Дж.А.А. аттуу жараны менен алдын ала бүтүмгө кирип, нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн жарандардан кошумча маалымдама жана башка документтер суратылып, аларды аткаруу ар кандай шылтоолор менен создурулган шарттар түзүлгөн.

Аталган адамдар 29-сентябрда өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруу максатында жаранга кербез боюнча мурастоо күбөлүгүн берүүнү создуктуруп, андан 10 миң сом талап кылышкан. Ошол эле күнү Ж.М.Ж. жана Дж.А.А. опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды.
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Ж.М.Ж. жана Дж.А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда бул адамдардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн башка фактыларын жана жабырлануучуларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты