Мамлекеттик кызматчынын иши саясий жетекчилик саясатына ылайык келбесе, кызматтан бошотулат. Мамкызмат жөнүндө жарлыкка кол коюлду

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, кызматчынын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алынган чечимдерге жана жүргүзүп жаткан саясатка ылайык келбеген учурда, ал ээлеген кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн;

– кылмыш жасагандыгына, анын ичинде кызматтык мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган кызматчылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде мамлекеттик кызмат орундарын ээлей албайт;

–кызматчыларга саясий партиялардын, камкорчулук же байкоочу кеңештердин башкаруу органдарынын, башка коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле мамлекеттик кызматчынын укуктары да белгиленди.    

–мыйзамдарга ылайык жеңилдиктерди алууга;

– ден соолук үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө;

– мыйзамда белгиленген тартипте ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөө менен узактыгы 30 календардык күн болгон ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүгө.

— кызматчы өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу менен байланышкан мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен майып болуп калган учурда, ага беш жүз миң сом өлчөмүндөгү бир жолку компенсация төлөнөт;

-кызматчы өлтүрүлгөн же кесиптик ооруга же ден соолугуна келтирилген мертинүүгө байланыштуу каза болгон учурда анын үй-бүлөсүнө бир миллион сом өлчөмүндөгү бир жолку компенсация төлөнөт ж.б. укуктар камтылган. Кененирээк шилтемеде.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты