Мамлекеттик кызмат жетекчилери мыйзам сунуштоо, эл алдында сүйлөө боюнча окуудан өтүшүүдө

  • 2 года мурун

Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик кызмат жетекчилери мыйзам долбоорун даярдоо, мамлекеттик сатып алууларды башкаруу, эл алдында чыгып сүйлөө боюнча билим алып жатышат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

29-марттан 21-апрелге чейинки семинарга министрлердин орун басарлары жана административдик ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары болуп жалпы 74 мамлекеттик кызматкер катышууда.

Жакында райондук администрациялардын жана айыл өкмөт башчылары Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасын окушат. Билимин жогорулатууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер анын ичинде президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери катышат.

Мамлекеттик кызматкерлердин билимин жогорулатуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун демилгеси менен ишке ашууда. Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин саны 28 миңге жете турганы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты