Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурдагы башкы бухгалтери кармалды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мурдагы башкы бухгалтери С.Н.К. агенттиктин бюджетинен 6 млн сомдон ашык каражатты мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө агенттиктин айрым кызматкерлери бухгалтердик документтерди жасалмалоо жолу менен ведомствонун кызматкерлеринин эмгек акысы төлөөгө деп агенттиктин башкы бухгалтери С.Н.К.нын өздүк эсептерине бюджеттик каражаттарды байма-бай которуп, өздөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган.

Прокуратура билдиргендей, бул кылмыштуу аракеттердин натыйжасында агенттиктин бюджетинен 6 млн сомдон ашык каражат чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган агенттиктин мурдагы башкы бухгалтери, ал эми азыркы учурда «Бишкекжашылчарба» мамлекеттик ишканасынын башкы бухгалтери С.Н.К кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдарды аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты