Мамлекеттик катчы: «Алсыз балага зордук-зомбулук көрсөткөн немени эч аёосуз жазалаш керек»

  • 2 года мурун

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Коомубуздун алсыз катмарына, айрыкча эрезеге жетелек балдарга карата жасалган, нарк-насилге жатпаган, салт-санаага сыйбаган зордук-зомбулук кылмыштарынын кескин өсүп жатышы кооптондурбай койбойт. Күн сайын балдарды зордуктоо, алакачуу, мажбурлап никеге туруу, ур-токмокко алуу, оор жумушка салуу, кордоо, кодулоо, кемсинтүү, басмырлоо сындуу жосунсуз жоруктарга күбө болуп жатабыз. Кароосуз калган балдар дагы көбөйдү. Демек, тынчсызданууга толук негиз бар.

Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, алардын келечегине кам көрүү мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындан жалпы коомчулуктун да четте калууга акысы жок. Кыргызстан ООН, ЮНИСЕФ, УВКПЧ сындуу бир катар ири эл аралык уюмдардын алдында өзүнө балдарды коргоо жана колдоо жаатында бир топ милдеттенмелерди алган. Аларды аткарыш керек.

Маселен, 2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кыздарды мажбурлап никеге тургузуу учуру катталса, анын 84 пайызы кылмыш курамы жок деген негизде жабылып калган. Андан тышкары, 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага кертбашын коргоо ордери берилген.

Быйыл деле мындай кылмыштардын азайганы байкалбайт. Өткөн жарым жылдын жыйынтыгында балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 500 фактысы катталды, анын ичинде 55 учур сексуалдык мүнөздөгү кылмыш болуп саналат. Мындай оор кылмыштардын 80 пайызы тууганчылыгы бар адамдар тарабынан жасалат. Алардын арасында ошол балдардын өз ата сөрөйлөрү да бар экен.

Ардактуу замандаштар, “Балалуу үй – базар, баласыз үй мазар!” дейт, чын-чынына келгенде, бул дүйнөнү балжууран балалыктын шыңгыр күлкүсү гана көркүнө чыгарат. Мен силерди балдарга карата жасалган жосунсуз жоруктарга каршы күрөшүү жаатында биргелешип иш алпарууга чакырам! Бар бололу – бир бололу!» — деп жазылат кайрылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты