Мамлекеттик карызды төлөөгө жети айда дээрлик 19 млрд сом жумшалды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө ушул жылдын жети айында 18 миллиард 880,2 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында айтылат.

Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, тышкы карызды төлөөгө 12 миллиард сом жана ички карызды төлөөгө 6,9 миллиард сом кеткен. 

2021-жылы жарым жылдыкта (январь-июль) Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 21 миллиард 790,9 миллион сом сарптап, рекорд койгон.

Расмий маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 157 млн долларды түздү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты