Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы: «2016-жылдан бери 6700 үй-бүлө 9 млрд сомдон ашык насыя алган»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча маалымат укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган маселе боюнча “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомунун төрайымы Аида Төлөгөнова маалымат берип, 2016-жылдан бери 6700 үй-бүлө 9 млрд сомдон ашык насыя алганын белгиледи.

Талкуу маалында депутат Алишер Козуев 2022-жылдагы бюджети тууралуу маселе көтөрдү.

Аида Төлөгөнованын айтымында, 2022-жылдын бюджетинде Мамлекеттик ипотекалык компания 1 млрд. 800 млн. сом алса, бүгүнкү күндө 640 жаран 1 млрд 500 млн сом насыя алган. Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компаниянын насыялык портфели 7 млрд сомду түзөт. “Сиздерде көп көйгөйлөр, бир катар шалаакылыктар бар. Тартип сакталбагандыктан, жарандардан арыз-даттануулар арбын болууда. Эмне үчүн жеке компанияларга 1 чарчы метрин 550 доллардан турак жай курууну тапшырып жатасыңар? Бирок базар баасын алсак, 1 чарчы метри 450 долларды түзүүдө”, — деди депутат Алишер Козуев.

Ошондой эле депутат Айбек Осмонов Мамлекеттик ипотекалык компаниясына президент тарабынан белек кылынган мүлктөр тууралуу сурады. Белгилүү болгондой, аталган объектилер сатылып, алынган каражат насыялоого жумшалат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты