Мамлекеттик ипотекага бериле турган батирлерди Нариман Түлеевдин туугандарына таандык компания курары чындык (Фактчекинг)

Нурдана Бегим аттуу Фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына мамлекеттик ипотекага бериле турган батирлерди Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин туугандарына таандык “Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКсы курары тууралуу жазган. 

Мамлекеттик ипотекага бериле турган батирлерди Нариман Түлеевдин туугандарына таандык компания курары чындык (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы “Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКсынын Нариман Түлеев менен байланышын текшерип көрдү.

Кыргыз фондулук биржасынын ушул жылдын 1-августунда берген маалыматына ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания «Экспострой курулуш компаниясы» ЖЧКсы менен «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын жер участокторуна коомдун кызыкчылыгында турак жай комплексин долбоорлоо, каржылоо жана куруу боюнча ири келишим түзүшкөн.

Макулдашууга ылайык, инвестициялык долбоорго салым катары «Экспострой курулуш компаниясына» баланстык баасы 1 млрд 406 млн 821 миң 828,45 сомдук жалпы аянты 9,64 га эки жер тилкеси убактылуу пайдаланууга берилген. 

“Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКсы жана анын айланасындагы чырлар

“Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКсы 2003-жылы негизделип, Бишкек шаарында бир нече ири курулуштарды курган. Мисалы, Исанов көчөсүндө жайгашкан “Доскредобанк” банкынын башкы офисин, “Caravan” соода борборун, “Sapat-Center” бизнес борборун, “Рахат” соода борборун салган.

Юстиция министрлигинин сайтында “Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКсынын жетекчиси катары Нариман Түлеевден туугандарынын бири Түлеев Кубанычбек Бексултанович жана юридикалык дареги катары Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнө таандык “ГУМ” соода борбору көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик ипотекага бериле турган батирлерди Нариман Түлеевдин туугандарына таандык компания курары чындык (Фактчекинг) #91879
Мамлекеттик ипотекага бериле турган батирлерди Нариман Түлеевдин туугандарына таандык компания курары чындык (Фактчекинг) #91883
Мамлекеттик ипотекага бериле турган батирлерди Нариман Түлеевдин туугандарына таандык компания курары чындык (Фактчекинг) #91879 (preview)Мамлекеттик ипотекага бериле турган батирлерди Нариман Түлеевдин туугандарына таандык компания курары чындык (Фактчекинг) #91883 (preview)

Мындан сырткары, Нариман Түлеев 2020-жылы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп турганда (ал бул кызматтан бир күндөн кийин кеткен) “Кактус медиа” редакциясынын журналисти мыйзамсыз курулуштар менен кантип күрөшөрүн жана бир нече жолу мыйзам бузууга айыпталган “Экспострой” курулуш компаниясы тууралуу суроо узаткан. Анда Нариман Түлеев бул компания өзүнө эмес, жакындарына тийиштүү экенин айткан.

“Экспострой” курулуш компаниясынын айланасындагы чырлар тууралуу маалыматтар ЖМКларга байма-бай чыгып турат. 

Мисалы, 2014-жылдын 30-декабрында «Экспострой» курулуш компаниясынын курулушундагы өспүрүмдүн өлүмү фактысы боюнча компаниянын ошол кездеги директордун орун басары  Нариман Түлеевге айып пул салынып, Мамэкотехинспекциянын эки инспектору иштен алынган. Бул тууралуу “Акипресс” маалымат агенттиги кабарлаган.

Ал эми 2020-жылдын 29-октябрында «Экспострой» курулуш ишканасынан батир сатып алган жарандар курулуштагы мыйзам бузуулар тууралуу Kaktus.media сайтына билдирип, бул иш боюнча кылмыш ишин козгоого болорун айтышкан.

Жарандардын айтымында, 2013-жылы берилиши керек болгон батирлер 2017-жылы толук бүтө элек абалда берилген. Курулган үйдүн сапатына да нааразычылыктар абдан көп болгон.

Жыйынтык: “Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКсы мамлекеттик ипотекага берилүүчү батирлерди курат. Ал эми компания Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына таандык экени чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты