«Мамлекеттик эн тамгада өтөлгөлүү өмүр, учкул кыялдарыбыз чагылдырылган». Мамлекеттик катчынын куттуктоосу
- 2 года мурун
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 14-январда, кыргызстандыктарды Кыргызстандын башкы символдорунун бири болгон мамлекеттик гербдин кабыл алынган күнү менен куттуктады.
«Бүгүн биз өлкө турмушундагы маанилуу майрамдардын бирин белгилеп жатабыз. 1994-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби бекитилген. Алтын шоола улуу Күн, ак мөӊгүлүү Ала-Тоо, көйкөлүп жаткан Ысык-Көл, канат каккан Ак шумкар чагылдырылган.Мамлекеттик энтамгада өтөлгөлүү өмүр, жарык дүйнө, учкул кыялдарыбыз толугу менен кенен чагылдырылган, -деди куттуктоосунда мамлекеттик катчы.
Кыргызстандын мамлекеттик герби 1994-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Авторлору — Асеин Абдраев, Садырбек Дубанаев.
Муну бөлүшүү