Мамлекеттик эмес уюмдар — мамлекеттин таянычы

  • 6 месяцев мурун

Бир өлкө, бир багыт

Башкача болушу мүмкүн эмес. Билип-билбей, маалымат албай туруп, өлкөдөгү мамлекеттик эмес уюмдардын канча жылдан берки эмгегин, жасаган иштерин жокко чыгаруу, ага кошулуп “Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндөгү чаласабат мыйзам долбоорун коомчулукка таңулоо күчөдү. Чынында мамлекеттик эмес уюмдардын айрыкча элет жеринде инфрастуктураны өнүктүрүү жаатында аткарып келген, аткарып жаткан жана аткара турган иштери арбын. Алар тарабынан суу чыгаруу, жол жана тротуарларды төшөө, таштанды тазалоо, балдар аянтчаларын, парктарды жана скверлерди куруу, электр жана интернет киргизүү, ашар жолу менен турак-жайларды куруу сыяктуу көптөгөн иштер жасалып келген, эми дагы жасалат. Биз эмнеге булар тууралуу айтпайбыз? Айта турган жердебиз. Бүгүн ушул милдетти аркалап көрүүнү туура таптым, жыйынтыгын өзүңүз чыгарасыз…

Суу сыйлаган зор болоор

FSDS тин эмгеги

“Fair and Sustainable Development Solutions» (FSDS) уюму бизде эле эмес Орто Азияда таанымал. Калктын аз камсыз болгон катмарынын жашоолорун социалдык интеграция жана экономикалык жактан акыйкат өнүгүү аркылуу жогорулатууга басым жасап келет. Бул фонд аркылуу 20 миңден ашуун адам өз укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңирилетип, 1700дөн ашуун адам иш менен камсыз болгон. 557 кичи жана орто бизнес ачылып, 765 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар камкордукка ээ болушкан.

Өлкөдө жарым миллионго жакын адам ичүүчү таза суунун көйгөйүн тартып келе жатканы белгилүү. Арыктан, булактан, дарыядан, каналдан суу ичип, ал түгүл алыскы жерден суу ташып ичип, күн көргөн айылдар бар.  Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS) уюму коңшулаш Тажикстан менен кошо 2017-жылдан бери 30 дай айылдардын элинин таза суу ичишине шарт түзгөн.  Уюм КР айыл чарба министрлиги, райондук администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, суу пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмелери менен тыгыз иш алып барат. Уюмдун аракети менен Ош облусундагы Ынтымак, Төө-Моюн айылдары, Кеңеш айыл аймагы, Араван районундагы Маңгыт айылы, Тоң районундагы Эшперов айылы, Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагы, Айры-Там айылы сыяктуу бир топ айылдар таза суу ичүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Тактап айтсак, Ош районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагында 9 скважина казылып, 250 гектардан ашык жерде жайгашкан үйлөрдү таза суу менен камсыздайт. Жети айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2 суу алгыч курулуп, техникалык суу түтүктөрү иретке келтирилген.

Fair & Sustainable Development Solutions Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында “алкагында Туура тамактануу үчүн жергиликтүү тамак-аш системасын колдоо” долбоорунун алкагында эскилиги жеткен суу куурларын жана түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүп келет. Мындан сырткары жергиликтүү дыйкандарды, аз камсыз болгон катмарды, ден соолугу калыбында эмес жаш жеткинчектерди колдоо жаатында көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. Fair & Sustainable Development Solutions (FSDS) жана Kyrgyz Community Based Tourism Association (КЦБТА) GIZ программасынын колдоосу менен Жалал-Абад облусунда 2 жылдык туризмди өнүктүрүү долбоору ишке ашкан.  Европа Биримдиги жана Германиянын Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү боюнча Федералдык Министрлиги (BMZ) биргелешип каржылаган “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү”.

KCBTA жана FSDS туристтик продуктыларды диверсификациялоо жана өнүктүрүү жана Жалал-Абад облусунун 7 пилоттук коомчулугунда туризмди өнүктүрүү үчүн инфраструктураны жакшыртуу боюнча биргелешип иштер жасалган. Аталган уюмдун аркасы менен өткөн жылдары эле Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган 25 долбоор аткарылган. Эмне үчүн ушундай жакшы иштерди коомчулукка айтып турбайбыз?

Мамлекеттик эмес уюмдар - мамлекеттин таянычы

Махпиреттин кичинекей мамлекети

Мамлекеттик эмес уюмдардын иш-аракеттерине кызыгып отуруп, бир далай жакшы иштерди жолуктурдум. Арасында алыскы чек ара аймагында иш алып барган Махпирет Абдрахманова жетектеген “Айылдык демилге” асоциациясы дагы бар. Баткендеги улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген замандаштар үчүн 2015-жылдан бери дем алуу борборун ачып, иш алып барат экен. Ал жерде жергиликтүү айымдар, апалар кол өнөрчүлүк менен алек болуп, эс алып, кыскасы күнүмдүк тиричиликтен бир аз да болсо баш көтөрүп, баарлашууга шарт түзүлүптүр. Алдыда дагы мындай замандаштардын ден соолугуна кам көрө турган бир топ жакшы долбоорлору бар экен. “Дени сак улут, ден сак мамлекет” деген ураандын уюткусу ушунда эмеспи. Тактап айтканда, Баткен шаарындагы жогоруда айтылып жаткан улгайган жарандардын күндүзгү ресурстук борборлору жемиштүү түрдө иш алып барууда. 2015-жылы Голландиялык “Elnura” Фонду жана “Wild Geese” уюмдарынын колдоосу менен Баткен шаарындагы муниципалдык мекемеге карылардын борбору ачылган. Бул борбор жашы улгайган жарандардын жолугушуп, баарлашуучу жерине айланган. Бул жерде бардык шарттар түзүлүп (улуттук жана евро кааналары, даараткана ж.б. у.с) эс алууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Мамлекеттик эмес уюмдар - мамлекеттин таянычы

“Инсан-Лейлектин” ийгилиги

Чек ара аймагында иш алып барган мамлекеттик эмес уюмдардын сап башында Гүлнара Дербишова эже жетектеген “Инсан-Лейлек” уюму жалпыга жакшы тааныш. Калктын аялуу катмарына кирген алыскы аймактагы мигранттардын тагдырын Гүлнара эжедей билгендер аз болсо керек. Аларга укуктук жардам көрсөтүүдө аткарган иштерин санап отурсаң түгөнбөйт. Бир аз күн мурун эле “Инсан-Лейлек” коомдук уюмунун мүчөлөрү Москва шаарында мигранттар Профсоюзунун аялдар канатынын өкүлдөрү менен жолугушту. Айта кетүүчү жагдай, мигранттардын Профсоюзу “Инсан-Лейлектин” жардамы менен түзүлгөн эле. Иш-чарада эки тарап иш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы эмгек мамилелери, эмгек келишимдери, кепилдиктер сыяктуу орчундуу маселелерди ортого салышты. “Инсан-Лейлек» коомдук уюму Hungarian InterChurch Aid биргеликте чек арада жашаган 200 үй-бүлөгө жардам көрсөткөн. Айрыкча чек арадагы окуялар орун алган кезде алыскы Лейлектеги Гүлнара Дербишова эже жетектеген уюм дайыма алдыңкы катарда болгону белгилүү.

Мамлекеттик эмес уюмдар - мамлекеттин таянычы

Ошол чек ара аймакта жашаган мигрант жана аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдары үчүн “Мырзайым” деп аталган балдардын билим берүү борборун ачкан. Көп жылдан бери “Мигрант мектебин” ишке киргизген “Инсан-Лейлек” коомдук уюму эмгек мигранттарына өз укуктарын коргоп, коопсуз эмгек шарттарына ээ болуп, татыктуу айлык алып, эмгек келишимдерди түзүп эмгектенүүсүнө укуктук жактан жардам берип келет. Ошондой эле коомдук уюм Баткенде чек ара аймакта жашаган аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү боюнча дагы иш алып барып келет. Made by Batken woman платформасынын алкагында 500 дөн ашуун элеттик аялдар киреше алып келүүчү ар кагдай окуулардан өтүшкөн. Алардын ичинен 30у бизнес баштоо үчүн жабдууларга ээ болушкан. Ошону менен үй шартында тигүү, тамак-аш даярдоо, мөмө-жемиштерди кургатуу, сүт азыктарын кайра иштетүү сыяктуу ишкерликке өтүшкөн.

“Инсан-Лейлек” Сорос фондунун көмөгү менен Баткендеги жарандык коом менен жергиликтүү бийликтин эриш-аркак иштешине шарт түзө турган окууларды өткөргөн. 2022-жылдагы чек ара чатагынан улам бүлүнгөн элге ООНдун көмөгү менен “Инсан-Лейлек” өтө көп жардам көрсөткөн, мындай жакшылык иштерин санап отурсаң барак түтпөчүдөй. Өткөн жылы эле уюм мамлекеттик эмес уюмдардын башын кошкон “Элеткана” платформасын “Сорос-Кыргызстан” фондусунун көмөгү менен ишке ашырган.

Ашарчы Акмарал

Оштогу Youth of Osh коомдук уюму тууралуу окуп жатып, жетекчиси Акмарал ашар жолу менен жаштар борборун куруу үчүн 12 млн сом жыйнаганын окудум. Экинчи борборго зарыл болгон мындай керемет жайды курууга бел байлаганга эмне деген эрк керек?

Youth of Osh уюмунун уаталган регионго жасап жаткан иштерин санап отурсаң, чети оюлбайт.

Акмаралдын жетектөөсү менен “Жаратман Жаштар» долбоорунун катышуучулары Айдаркен шаарынын жаштары бош убактысын пайдалуу жана сапаттуу өткөрүүсү үчүн антикафе ачышкан. Ал борбордо окуучулар критикалык ой жүгүртүү, коммуникациялык көндүмдөрүн, лидерлик сапаттарын өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк алышат экен.

Мамлекеттик эмес уюмдар - мамлекеттин таянычы

“Тилектеш Жамааттар” долбоорунун алкагында Баткен облусунун чек-ара аймактарындагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында берилген гранттар боюнча Кара-Бак айылынын тургуну Мурзапаров Акылбек бетон аралаштыргыч утуп алыптыр. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун бүткүл аймактарында курулуш кызматтарын көрсөтүп жатыптыр. Бир айлык орточо кирешеси айына 600 000 түзөт экен, ошондой эле 12 адамды иш менен камсыз кылыптыр.

“Тилектеш Жамааттар” долбоорунун алкагында ушул эле Кара-Бак айылынын тургуну Мурзапаров Куштарбек эмерек цехин ачуу үчүн грант утуп алыптыр. Айылындагыларга буйуртмага эмеректин бардык түрлөрүн жасап, бир айлык кирешесин 300 000 чейин көтөрүптүр.

“Сен Ты You” долбоорунун алкагында Сузак районунун №77 Т. Байзаков атындагы мектебинин окуучуларынын демилгеси менен жаштардын чыгармачыл өнүгүүсү үчүн борбор ачылган экен. Балдардын бул идеясын ишке ашырууга ата-энелер жана жергиликтүү бийлик көмөктөшүптүр.

“Чексиз Достук” долбоорунун катышуучуларынын демилгеси менен Жалал-Абад облусунун Көк-Серек айылында улуу жана жаш муундардын ортосундагы достукту бекемдөө максатында парк курулуптур.

“Визит Жалал-Абад” долбоорунун алкагында Арстанбап айыл аймагынын “Келечек” конок үйүнүн негиздөөчүсү Маматкулова Айжаркын грант утуп алып, конок үйүнүн шарттарын жакшыртуу максатында жаңы эмерек жана жабдууларды сатып алыптыр. Жыйынтыгында туристтердин санын көбөйүп, кирешеси жогорулаптыр. Акмарал сыяктуу жаратман жаштарга ыраазычылык айтып, колдой турган жердебиз…

Туристтерди тейлөө туруктуу иш

Ал эми Чынара Жусупова жетектеген “Жалал-Абад жарандык коомду колдоо борбору” коомдук фонду FSDS уюму менен биргеликте GIZ Германия өнүктүрүү агенттиги,  ЕвроБиримдиктин каржылоосу менен Жалал-Абад облусун комплекстүү өнүктүрүү” деген чоң долбоордун алкагында элет аялдарын, жаштарын кошумча киреше табуусун колдоо максатында бир топ  иштерди алып барган. Долбоор жаш үй-бүлөлөрдүн, аялдардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жергиликтүү тамак-аш азыктарын сатып, тиричилик кылуусуна шарт түзөт.

Туристтерди жатакана менен камсыздап, тамак-аш, кайра иштетилген сүт азыктарын, дары чөптөрдү сатышат. Долбоор эки жылдан ашуун иштер, 30 дай үй-бүлө карпжат тапкан. Ошондой эле долбоордун алкагында туристеерди тейлөөнүн, тамак-аштын сапатын жакшыртуунун сырларын үйрөткөн окуулар өткөрүлгөн. Туристтерди тейлөө үчүн жыгачтан жана темирден жасалган боз үйлөр, күндүн нуру менен жылый турган жуунучу жайлар жана эко-дааратканалар, керектүү мебнль, оргтехникалар, идиш-аяктардан бери сатылып берилген. Мындай жакшы иштерди жасаган мамлекеттик уюмдар өлкө аймагында арбын.

Автор: Канышай Мамыркулова

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты