Мамлекеттик цирктин имараты реконструкцияланат

  • 1 год мурун

Президент Мамлекеттик цирктин жамааты менен болгон маегинде циркти капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаттары бөлүнүп, жакынкы арада оңдоо иштери башталаарын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров А.Изибаев атындагы Мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барды.

Мамлекет башчысы имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Буга чейин бир нече жолу ЖМКларда цирктин аянычтуу абалы тууралуу маалымат тараган.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун айтымында, учурда цирктин директору кызматына талапкерлер конкурстук тандоодон өтүп жатат.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров чыгармачыл жамаатты биримдикте болууга жана цирк өнөрүн өнүктүрүү үчүн биргеликте умтулууга, анын өнүгүшүнө тоскоол болуучу топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты