Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен автоунаа кармалды

  • 2 года мурун

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен автоунаа кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК Чек ара кызматы менен бирдикте Лейлек районунун Достук айылынын аймагынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен мамлекеттик номуру S1112M болгон “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаа кармалды. Унаа “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан жүгөрү тоютун жүктөп жаткан жеринен кармалган. Кыргыз Республикасынын жараны Дж.С. өзүн эки унаанын тең ээси болом деп тааныштырган. Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө бул унаадагы номур “жалган” экени жана ал номур ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унаага катталганы аныкталган. Ал эми “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаа Тажикстандын аймагында катталып, Лейлек районунун Достук айылынын аймагына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасыны менен Тажикстандын чек арасынын аялуу тилкелери аркылуу өтүп келген.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты