Мамлекеттик бажы кызматына тергөө жүргүзүүгө укуктарды берүү сунушталууда

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 11-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Бажы иши чөйрөсүндөгү кылмыштар маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору боюнча Каржы министрлигине караштуу бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат берди. Мыйзам долбоору бажы органдарына бул чөйрөдөгү кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды берүү, ошондой эле Кылмыш-жаза мыйзамдарындагы айрым коллизияларды жана боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан. Анын айтымында, бажы органдарындагы тергөө функцияларын калыбына келтирүү милдеттерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет жана бажы кылмыштарын толук жана ар тараптуу иликтөөнү, ошондой эле зыяндын ордун өз убагында толтурууну камсыз кылат.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев тармактык кызматты унаалардын транзитине шарт түзүүгө чакырса, эл өкүлү Кубанычбек Самаков Ирандан алынып келинген боек продукциясын текшерүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта бажы эрежелери бузулуп жатканын айтты. Депутат Чыңгыз Айдарбеков Бажы кызматынын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу керектигине көңүл бурду.

Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты