Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны Ысык-Көлдөн кармалды

  • 11 месяцев мурун

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн М.М. Орусиянын жараны Ысык-Көл облусунан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

20-августта УКМК тарабынан 2022-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган Орусиянын М.М. аттуу жараны Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды. Ал Сириядагы ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча, ЭТУну каржылоо максатында, Кыргызстандагы колунда бар жарандарына бир катар каракчылык кол салууларды жасоо ниетинде Кыргыз Республикасынын аймагында мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгендиги аныкталды.

Такталгандай, жогоруда кармалган жаран 2023-жылдын январь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И. аттуу жарандын атына Орусиянын жаранынын жасалма паспортун колдонуп, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөн.

Азыркы учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан террористтик жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты