Мамлекетке 78 млн 600 миң сом зыян келтирилген. Ошто жер казынасын пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталды
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Ош шаарынын прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жер казынасын пайдалануу боюнча бир катар мыйзам бузуулар аныкталды.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэриясы тиешелүү ыйгарым укугу жок болсо да кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурагын казып алууга уруксат берген 33 күбөлүктү мыйзамсыз берген.
Мындан тышкары, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары жайыт жерлерин жасалма токтомдор аркылуу жеке жактарга өткөрүп берип, мамлекетке 78 млн 600 миң сом зыян келтиргени белгилүү болду.
Ошондой эле текшерүүдө Ош–Ноокат унаа жолунун боюнда иш алып барган айрым ишканалар лицензияда көрсөтүлгөн аймактан тышкары кум-шагыл казып, жер кыртышын бузган учурлар аныкталган.
Аталган фактылар боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен 3 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, мыйзамсыз берилген жер тилкелерин жана күбөлүктөрдү жокко чыгаруу, бузулган жерлерди калыбына келтирүү жана тиешелүү лицензияларды кайтарып алуу боюнча Ош шаарынын мэрине жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине сунуштамалар киргизилип, учурда каралууда.
Сүрөт: КР башкы прокуратурасынан




