Мамкурулуш: Ысык-Көл районунда мыйзамсыз курулган 146 эс алуучу жай аныкталды

  • 1 год мурун

Ысык-Көл районунда мыйзамсыз курулган 146 эс алуучу жай аныкталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, агенттик президенттин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгы боюнча облустагы эс алуучу жайларды жана пансионаттарды мониторингден өткөргөн. Анын жыйынтыгында Ысык-Көл районунун аймагында мыйзамсыз курулган 146 объект аныкталган.

Агенттик бул объекттер боюнча материалдар сот жана укук коргоо органдарына жөнөтүлөрүн билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты