Мамдума чыккынчылык үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталган мыйзам кабыл алды

  • 1 год мурун

Орусиянын Мамлекеттик Думасы «Мамлекетке чыккынчылык кылуу үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Орусияда учурда мындай кылмыш үчүн 12-20 жылга эркинен ажыратуу жана 500 миң рублга чейин айып пул салуу жазасы каралган. Өлкөдө бул берене боюнча чыккан өкүмдөрдүн саны Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери көбөйгөн.

Жаңы мыйзамда ошондой эле диверсия жана терроризм үчүн жаза күчөтүлүп, Орусия мүчө болбогон эл аралык уюмдардын чечимдерин аткарууга көмөктөшүү үчүн жаза аныкталат.

Депутаттар теракттарды ишке ашыруу үчүн каралган максималдуу мөөнөттү мурдагыдай 15 эмес, 20 жыл кылууну сунуштап жатышат. Террордук иштерге катышуу беренеси менен соттолгондор жети жылга чейин кесилиши ыктымал. Террордук уюмга мүчө болгондорду 10-15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.

Мындан тышкары транспорт инфраструктурасына жана калктын жашоосун камсыздаган башка объектилерге зыян келтирүү өңдүү диверсиялык аракеттер үчүн күнөөлүү деп табылгандар 20 жылга чейин түрмөгө кесилет.

Кылмыш кодексине Орусия мүчө болбогон эл аралык уюмдардын чечимдерин аткарууга көмөктөшүү деген жаңы түшүнүк киргизилип, ал боюнча беш жылга чейин эркинен ажыратуу же бир миллион рублга чейин айып пул салуу каралууда.

«ОВД-Инфо» укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, былтыр Орусиянын соттору мамлекеттик чыккынчылык беренеси менен 11 өкүм чыгарды. Алардын айрымдары Украинанын атайын кызматтарына иштеген деген айыпка байланыштуу чыккан.

«Азаттыктын» орус кызматы жазгандай, 1997-2021-жылдары мындай кылмыш үчүн 117 киши айыпталган.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты