Мамат Айбалаев: «Биздин кыргыз айылдары “проходной двор” болуп жатпайбы»

  • 2 года мурун
Мамат Айбалаев: «Биздин кыргыз айылдары “проходной двор” болуп жатпайбы»

«ПолитКлиника» медиасынын Тет-а-тет программасынын коногу Баткен облусунун экс-губернатору Мамат Айбалаев болду. Ал чек арадагы маселелер боюнча маек берди.

«Ал постторду биз койдурган элек. Себеби, убагында Ворухта жашаган эл кыргыздардын арчаларын отунга кесип, отун кыла башташкан. Жайлоого да чыга албай калышкан. Биз ушул сыяктуу тартипсиздикти токтотуш үчүн убагында ошол постторду койдурганбыз. Азыр эми постту алса, Ворух андан да кеңейип кетет. Тоонун ары жагында Тажикстандын Матча району бар. Ал жактан убагында баңгизат ташылып турган. Экинчи жагы, эгерде Тажикстан менен Ооганстандын ортосунда согуш чыгып кетсе, талибдер Кыргызстанга ошол райондордон кол салышы мүмкүн. Биз абдан этият болушубуз керек. 

Ворух анклавына тажиктердин аскер техникасынын жана аскерлеринин турушу мыйзамсыз. Ал жерде тажиктердин милициясынан башка эч нерсеси болбошу шарт. Алардын постторду алганы туура. Ал эми биздин төрт посттун алынышы туура эмес болуп калды. Тажиктер суранып отуруп Кыргызстандын территориясын алып койду. Менин эсебим боюнча, Кыргызстандын үчтөн бир территориясы тажиктерге өтүп кетти. 

Төрт көчөнүн территориясын Бакиев менен Мадумаров берип койду. Ошол жердеги сайга тажиктер миңдеген үйдү салып отурукташып алышты. Мурда Мачайиде да кыргыздар жашайт эле. Алардын көпчүлүгүн тажиктер кысып отуруп чыгарып жиберишти. Ал жер мурда өзүнчө анклав эле. Эми “Ворухка жол бергиле” деп жатышпайбы. Ворухка жол берсек, Лейлек району, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-сай айыл өкмөттөрү анклав болуп калат. Баткендиктер жайлоого чыга албай калышат. Биздин кыргыз айылдары “проходной двор” болуп жатпайбы. Эми Баткендиктер жайлоого чыга албай калат. Ак-Сайлыктарды тажиктер тебелеп коёт. Ансыз деле тебелеп, атып, күйгүзүп жатышпайбы», — деди Айбалаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты