Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады 

  • 2 месяца мурун

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин Кыргызстанга болгон расмий сапары аяктады.

15-майда Анвар Ибрагим Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукту. Кеңейтилген форматтагы жолугушууда эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өз ара аракеттешүү чараларын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өлкө жетекчилери «Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө» кол коюп, эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты.

16-майда коноктор үчүн «Ала-Арча» жаратылыш паркында этномаданий программа тартууланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты