Малайзия премьер-министри Анвар Ибрагим «Ала-Арчада» этномаданий программага катышты

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 16-майда “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, программанын алкагында кыргыз элинин улуттук каада-салты жана маданияты көрсөтүлүп, кол өнөрчүлөрдүн колунан чыккан буюм-тайымдар, улуттук тамак-аштар коюлду.

Ошондой эле, Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли жана мамлекеттик “Ак марал” бий ансамбли концерт тартуулады. Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты