Майып адамдарга жасалган сексуалдык зомбулуктун жазасын күчөтүү сунушталууда

  • 2 года мурун

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата сексуалдык зомбулукка айыпталган, 60 жаштан ашкан эркектерди өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталууда. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазды.

Маалыматта айтылгандай, бул мыйзам долбоорун Жылдыз Садырбаева менен Марлен Маматалиев демилгелеген.

Жылдыз Садырбаева социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, башка адамдарга караганда майыптыгы бар аялдар менен кыздар, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген эркектер менен балдар сексуалдык зордук-зомбулукка көбүрөөк дуушар болушарын билдирген.

«Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоору мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жыныстык кол тийбестигине болгон укугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо жана сактоо максатында иштелип чыккан. Өзгөртүүлөргө ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата кылмыш жасаган учурда 60 жашка толгон эркектер өмүр бою эркинен ажыратуу жазасынан бошотулбайт»,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Депутат Дастан Жумабеков бул нормага аялдарды да киргизүүнү сунуштаган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты