“Маймыл чечеги” вирусу тууралуу эмнелер белгилүү?
- 2 года мурун
- Фактчекинг
Акыркы убактарда массалык маалымдоо каражаттары аркылуу дүйнө жүзүндө “Маймыл чечеги” (Обезьянья оспа”) оорусу күчөп жатканы тууралуу билдирүүлөр тарап жатат.
“ПолитКлиника” медиасы бул оорунун келип чыгышы жана симптомдорун анализдеп көрдү.
Май айында Европа менен Американын бир катар өлкөлөрүндө, ошондой эле Австралияда “маймыл чечеги” деп аталган вирустук оорусунун учурлары аныкталган. Европада бул оору 7-май күнү тастыкталып, вирусту жуктурган адам Нигериядан Англияга кайтып келген адам болгон. Улуу Британиядагы учурлар «Батыш Африканын штаммы» деп аталганы билдирилди.
Ал эми бул боюнча 20-май күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чукул жыйынга чогулуп, учурдагы кырдаалды талкуулады.
“Маймыл чечеги” оорусу деген эине?
Маймыл чечеги – вирустук оорусу кадимки чечекке караганда бир топ жеңилирээк өтөт. Оору сейрек кездешүүчү инфекция болуп, көбүнчө Батыш же Борбордук Африканын айрым жерлериндеги жапайы жаныбарлар таратышат. Вирус биринчи жолу туткундагы маймылдан табылган жана 1970-жылдан бери Африканын 10 өлкөсүндө эпидемия катары катталган.
2003-жылы Америка Кошмо Штаттарында Африкадан тышкаркы биринчи учур болгон.
Бейтаптар талаа иттери менен тыгыз байланышта болгондо жукканы, алар өз кезегинде вирусту өлкөгө киргизилген кичинекей сүт эмүүчүлөрдөн жугузуп алышканы белгилүү болгон. Ошол учурда бул ооруну жугузгандардын саны 81ге жетип, бирок каза болгондор болгон эмес.
Маймыл чечеги оорусун окумуштуулар жана медицина кызматкерлери расмий түрдө 1980-жылы эмдөө аркылуу жок кылышкан.
Маймыл чечеги оорусунун адаттагы симптомдору болуп ысытма, катуу баш оору, лимфа бездери шишүүсү, белдин жана булчуңдардын оорушу, катуу алсыздык болуп саналат.
Температура көтөрүлгөндөн бир-үч күндөн кийин адамда исиркектер пайда боло баштайт.
Окумуштуулардын айтымында, исиркектер көпчүлүк учурда бет, алакан жана буттарга чыгат. Бирок кээде, былжыр челдерде, жыныстык органдарда жана көздө да пайда болгон учурлар кездешкен. Убакыттын өтүшү менен исиркектер суюктук менен ыйлаакчаларга айланып, өзгөрөт. Адатта адамдар эки-төрт жуманын ичинде айыгып кетишет, бирок өлүм менен коштолгон учурлар да бар.
Кантип жугат?
Маймыл чечеги оорусу адатта ооруган адам менен тыгыз байланышта болгон учурда жугат. Вирус денеге сыйрылган тери, дем алуу жолдору көздүн, мурундун же ооздун былжыр челдери аркылуу кириши мүмкүн.
Мурда маймыл чечеги жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептелчү эмес, бирок азыр бул вирус жыныстык катнаш учурунда түз байланыш аркылуу жугушу мүмкүн экени белгилүү болду.
Ошондой эле маймылдар, келемиштер жана чычкандар сыяктуу ылаңдаган жаныбарлар менен же вирус менен булганган нерселер аркылуу жугушу мүмкүн.
Канчалык деңгээлде коркунучтуу?
Негизинен маймыл чечек вирусунун эки түрү бар жана жаңы учурлар «жеңилирээк» деп сыпатталууда. Африка өлкөлөрүндө аталган оорудан көз жумгандардын деңгээли 3,6% түзөт. Ал эм ооругандардын 10% инфекциянын оор версиясынан өлгөндөр. Тобокелдик группага балдар жана иммундук системасы начар адамдар кирет.
Бирок Африка өлкөлөрүндөгү бардык бейтаптардын сапаттуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жок экенин эске алуу керек. Башкача айтканда, инфекция Европа менен Америкага жеткен азыркы медицинанын деңгээли боюнча өлүмдүн деңгээли төмөн болушу мүмкүн деген божомолдор бар.
Вирустун вакцинасы барбы?
Илимий журналист Соня Шахтын «Пандемия» аттуу китебинде эпидемиолог Энн Ремойн маймыл чечек оорусун » биз билген жамандык» деп атайт. Башкача айтканда адамдар бул оору жөнүндө 20-кылымдын ортосунан бери билишет. Азыр пандемиянын алдын алууга жардам бере турган дарылар жана вакциналар бар. Атап айтканда, чечекке каршы бир нече вакциналар дүйнөдө катталган жана алар маймылдан да коргошу керек — же жок дегенде оорунун жүрүшүн жеңилдете турганы белгиленип жатат.
Ал эми азырынча, белгилегендей чечек адамдан адамга жугушу өтө жеңил процесс эмес. АКШда, Канадада жана Европа Биримдигинде “тековиримат” деген дары катталган. АКШда жана Канадада чечекти дарылоо үчүн гана колдонулат, бирок Европада маймыл чечеги оорусун дарылоо үчүн да катталган. Ал эми башка өлкөлөрдө бактериялык кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн антибиотиктер бар.
Башкача айтканда окумуштуулар маймыл чечеги илдетинин коронавирус сыяктуу пандемияга айланып кетүү ыктымалдуулугу аз экенин белгилешет.