“Маймыл чечеги” оорусу СПИД эмес. Covid-19га каршы вакцина алгандар гана илдетти жуктуруп жатат деген маалымат калп (Фактчекинг)

Социалдык тармактарда “маймыл чечеги” илдетинин жайылышына байланыштуу ар кандай пикирлер айтылып жатат. Кээ бир интренет колдонуучулары “маймыл чечеги” деген оору жоктугун жана ал СПИД экенин айтышса, кээ бирлери бул коронавируска каршы вакцинанын таасиринен болуп жатканын айтышкан. 

“Маймыл чечеги” оорусу СПИД эмес. Covid-19га каршы вакцина алгандар гана илдетти жуктуруп жатат деген маалымат калп (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

“Маймыл чечеги” вирусу СПИД эмес 

ВИЧ (АИЖС)- бул адамдын иммундук жетишсиздиги синдрому катары чечмеленет. ВИЧ адамдын иммундук системасын жана организмдин ооруларга каршы туруктуулугун азайтып, начарлатат. ВИЧ күчөп кетсе, ал жуктурулган иммундук жетишсиздик синдромуна (ЖИКС -СПИД) айланып кетиши мүмкүн.

Бул илдет 1982-жылдан бери белгилүү болуп, дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдө атайын каттоого алынат. СПИД — ВИЧ инфекциясынын кеч стадиясы, башкача айтканда, инфекция жуккандан кийин дароо пайда болбойт. ВИЧ жыныстык жол менен, кан аркылуу же ВИЧ-инфекциясы бар энеден балага кош бойлуу, төрөт жана эмчек эмизүү учурунда жугат.

Коронавирус илдетине каршы вакцина ойлонуп табылганда кээ бир интернет колдонуучулары бул вакциналар СПИД оорусуна алып келиши мүмкүн экенин билдиришкен. 

Анткени вакциналар адамдын иммунитетин начарлатып, бара-бара организм ооруларга туруштук бере албай ВИЧке чалдыгат деген гипотеза болгон.

Бирок, бул теорияны далилдей турган бир да факты келтирилген эмес. Тескерисинче буга чейин жүргүзүлгөн миңден ашуун изилдөөдө вакциналар адамды белгилүү бир оорудан сактай турганы далилденген. 

Мисалы, коронавируска каршы сайылган вакциналардын орточо эффектүүлүгү болжол менен 90% экени айтылып, организмди Covid-19 илдетинен сактоочу компоненттери бар экени далилденген. 

Башкача айтканда, “коронавируска каршы сайылган вакциналар адамдын иммунитетин алсыратып СПИДке алып келет” деген сөз калп болгон. 

 Дал ушундай эле “маймыл чечеги” вирусу — СПИД деген да чындыкка коошпойт. 

Анткени, “маймыл чечеги” жана  ВИЧтин симптомдору эки башка. 

Маймыл чечеги – вирустук оорусу кадимки чечекке караганда бир топ жеңилирээк өтөт. Оору сейрек кездешүүчү инфекция болуп, көбүнчө Батыш же Борбордук Африканын айрым жерлериндеги жапайы жаныбарлар таратышат. Маймыл чечеги оорусунун адаттагы симптомдору болуп ысытма, катуу баш оору, лимфа бездери шишүүсү, белдин жана булчуңдардын оорушу, катуу алсыздык болуп саналат.

Температура көтөрүлгөндөн бир-үч күндөн кийин адамда исиркектер пайда боло баштайт.

“Маймыл чечеги” оорусу СПИД эмес. Covid-19га каршы вакцина алгандар гана илдетти жуктуруп жатат деген маалымат калп (Фактчекинг)

Ал эми ВИЧтин симптомдору болсо “маймыл чечеги” оорусунан толугу менен айырмаланат. Адам он-он беш жыл бою айыкпас дарттын белгилери билинбей эле жашап жүрө бериши мүмкүн. Бирок вирус жуккандан кийинки биринчи апталарда денеси ысып, грипп болуп, башы ооруп, тамагы кычышып чыгышы мүмкүн.

Башка симптомдору кийин-кийин, вирус иммундук системаны алсыраткан сайын билине баштайт: лимфотүйүндөр чоңоет, салмак азаят, дене ысыйт, ич өтөт, жөтөл басат.

Эгер инфекцияга чалдыккандар дарыланбаса, алардын кургак учук, криптококк менингити, бактериалдык инфекция же рак оорулары күчөйт.

Башкача айтканда, ВИЧ менен маймыл чечеги вирусу бири-биринен толугу менен айырмаланат. 

Жыйынтык: “Маймыл чечеги СПИД жана коронавируска каршы вакцина алган адамдарда байкалат” деген маалымат калп. Илимий жактан далилденген эмес. Мындан сырткары, ВИЧ менен  маймыл чечегинин симптомдору бири-биринен айырмаланат. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты