“Маймыл чечеги” оорусу аялдарга жукпайт деген маалымат далилсиз (Фактчекинг)

Акыркы убакта социалдык тармактарда “Маймыл чечеги вирусу аялдарга жукпайт” деген маалыматтар тарап жатат. Анда “Маймыл чечеги” оорусун жугузуп алгандардын 99%ы эркектер экени белгиленген. 

“Маймыл чечеги” оорусу аялдарга жукпайт деген маалымат далилсиз (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

“Маймыл чечеги” вирусу

Маймыл чечеги вирусу биринчи жолу Конго Демократиялык Республикасында 1968-жылы 9 жаштагы баладан аныкталган. Ошондон бери оорунун көбү Конго Республикасында жана Батыш Африканын тропикалык аймактарында каттала баштаган. 

2003-жылдын жазында Америка Кошмо Штаттарында маймыл чечеги оорусу тарай баштаган. Бул Африка континентинен тышкары жерде оорунун биринчи жолу катталган учуру болгон. Кийинчерээк белгилүү болгондой ооруну жуктуруп алгандар Африкадан алынып келинген майда кемирүүчүлөрдөн ооруну жуктурган талаа иттери менен байланышта болушканы аныкталган. 

Маймыл чечеги оорусун окумуштуулар жана медицина кызматкерлери расмий түрдө 1980-жылы эмдөө аркылуу жок кылышкан. Бирок практика жүзүндө, вирустун ташуучулары жаныбарлар болгондуктан, кийин да оору кайталган учурлары болгон. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, маймыл чечеги вирусун жуктуруп алгандан кийин, симптомдор 6-21 күн аралыгында чыга баштайт. 

Маймыл чечеги оорусунун адаттагы симптомдору болуп ысытма, катуу баш оору, лимфа бездери шишүүсү, белдин жана булчуңдардын оорушу, катуу алсыздык болуп саналат.

Температура көтөрүлгөндөн бир-үч күндөн кийин адамда исиркектер пайда боло баштайт.

Оору көпчүлүк учурда ылаңдаган жаныбардын каны, дене суюктугу жана жабыркаган тери же былжыр чел менен түздөн-түз байланыштын натыйжасында жугат. Мисалы Африка өлкөлөрүндө көбүнчө вирус жугузуп алган жаныбардын этин толук бышырбай жегенде оору жайылып кеткен учурлар болгон. 

Вируска байланыштуу статистикалар 

2-июнга алынган маалымат боюнча “Маймыл чечеги” оорусу 29 мамлекетте катталып, илдетти 780ден ашуун адам жуктуруп алган. 

“Маймыл чечеги” оорусу аялдарга жукпайт деген маалымат далилсиз (Фактчекинг)

“Маймыл чечеги” оорусу көп учурда эркектер арасында катталгандыктан, кээ бир өлкөлөрдө аталган оору “гомосексуал” адамдарда гана болот деген шектенүү жаралган. 

Бирок, Бириккен Улуттар уюмунун башчысы Тердрос Адам Гебрейесус илдет бир гана эркектердин арасында катталбаганын билдирген. 

“Инфекция негизинен эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектердин арасында катталган. Бирок илдет алардын арасында гана катталган эмес. Кээ бир өлкөлөрдө вирустун жергиликтүү жамааттарга, анын ичинде аялдарга жуккан учурлары катталууда”, — деген ДСУнун башчысы. 

Азыркы учурда илдетти жугузуп алгандардын канчасы эркек, канчасы аял экени тууралуу так изилдөө жана статистика жок. Бирок, Араб Эмираты сыяктуу бир канча мамлекетте илдетти жугузгандар аялдар болгон. 

Мындан сырткары “Маймыл чечеги” илдетин жугузуп алуу коркунучу болгондордун арасында кош бойлуу аялдар да бар экени белгиленген. 

“Маймыл чечеги” оорусу аялдарга жукпайт деген маалымат далилсиз (Фактчекинг)

Башкача айтканда, илдетти жугузуп алуу коркунучу аялдардын арасында да бар. 

Жыйынтык: “Маймыл чечеги” оорусу аялдарга жукпайт деген маалымат  далилсиз. Азыркы учурда тиешелүү статистикалар жана изилдөөлөр жүргүзүлө элек. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты