Маймыл чечеги адамдар арасында 2017-жылы эле жайыла баштаганы чындык (Фактчекинг)

hi-news.ru сайтында маймыл чечеги вирусу, анын жайылышы жана мутациясы тууралуу макала жарыяланган. Анда аталган илдет адамдар арасында 2017-жылы эле жайыла баштаганы, бирок ал убакта муну эч ким байкабаганы жазылган. Ошондой эле маймыл чечегинин жаңы штаммы 47 жолу мутация болгону тууралуу айтылат. 

Маймыл чечеги адамдар арасында 2017-жылы эле жайыла баштаганы чындык (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Маймыл чечегинин пайда болушу жана жайылышы

Маймыл чечеги — бул вирустук зооноздук оору, тагыраак айтканда, адамга жаныбардан жугуучу инфекция. Симптомдору кадимки чечектикине окшош, бирок маймыл чечеги салыштырмалуу бир топ жеңил өтөт. Вирус негизинен адамга кемирүүчүлөрдүн жана приматтардын айрым түрлөрүнөн жугат.

Инфекция алгачкы жолу 1958-жылы маймылдан аныкталган. Илдетти адам жуктуруп алган учур биринчи жолу 1970-жылы Конго Демократиялык Республикасында катталган. Андан бери илдет Африканын 11 өлкөсүндө аныкталган.

2003-жылы Америка Кошмо Штаттарында Африканын чегинен тышкары маймыл чечеги адамга жуккан алгачкы учур катталган. Инфекциянын булагы кемирүүчүлөр түркүмүнө кирүүчү чалгын иттери (луговые собачки) болгон. Ал жаныбарлар Ганадан алып келинген гамбиялык келемиштер менен чогуу кармалганы белгилүү болгон. Ал учурда Кошмо Штаттарда илдеттин 70 учуру катталган.

Маймыл чечеги 2018-жылы Израилде Нигериядан келген адамдардан аныкталган. Кийинчерээк Улуу Британияда (сентябрь 2018, декабрь 2019, май 2021, май 2022), Сингапур (май 2019) жана Америка Кошмо Штаттарында (июль жана ноябрь 2021) катталган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий сайтында (ДССУ) оорунун масштабдуу жайылуусу 2017-жылы Нигерияда болгону айтылат. Анда маймыл чечеги 200дөн ашык адамдан тастыкталып, 500дөн ашуун шектүү учур катталган. Ал эми илдеттен каза болгондор болжолдуу 3%ды түзгөн.

Маймыл чечеги вирусу укмуштуудай ылдамдык менен мутация болот

Deutsche Welle басылмасы 27-июлда “Маймыл чечеги: дүйнөнүн жаңы коркунучу жөнүндө эмнелерди билебиз?” аталышындагы макаласын жарыялады. Анда Португалияда жана Улуу Британияда жасалган изилдөөлөрдө окумуштуулар маймыл чечеги жөнүндө кызыктуу маалыматтарды топтогону жазылган. 

Басылма билдиргендей, португалиялык окумуштуулар изилдөөнүн жыйынтыгында вирус 2018-2019-жылдан бери 50 ирет мутация болгонун аныкташкан. Изилдөөчүлөр 15 бейтаптан үлгү алып, вирустун геномдорун салыштырышкан. Бейтаптардын баарынан 2018-2019-жылы Улуу Британияда, Израилде жана Сингапурда катталган штамм аныкталган. Бирок анализдер андан бери вирус 50 ирет мутация болгонун көрсөткөн. Бул күтүлгөндөн 12 эсе көп. 

“Бул маалыматтар маймыл чечеги вирусунун мутация болуу ылдамдыгы тууралуу буга чейин айтылгандардын баарын толугу менен четке кагат”, — деп билдирген изилдөөнүн автору Жоало Пауло Гомеш.

Окумуштуулар маймыл чечегине ондогон жылдар бою көңүл бурулбай келгенин айтышууда

Маймыл чечеги ушул жылдын май айында Европа жана Американын бир катар өлкөлөрүндө, ошондой эле Австралияда катталган соң дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата маймыл чечеги дүйнөнүн 75 өлкөсүндө 16 миңден ашык кишиден аныкталып, илдеттен беш киши каза тапты. 

ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус 23-июлдагы маалымат жыйынында маймыл чечегинин жайылышын “саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал” деп жарыялады. 

Португалиядагы Ливерпуль тропикалык медицина мектебинин окумуштуусу Хью Адлер Deutsche Welle басылмасына кесиптештери жасаган изилдөө тууралуу пикирин билдирип жатып, адамзаттын маймыл чечеги тууралуу билими жалпысынан жетишсиз экенин айткан. Ал бул вирустун генетикасын изилдөө дагы деле “түйүлдүк” боюнча турат деп эсептейт. Анын пикиринде, Португалияда изилдөө вирус кирешеси жогору өлкөлөрдө жайыла баштагандыктан гана өткөрүлгөн. 

“Эгер дүйнөлүк коомчулук ошол эле илимий ресурстарын маймыл чечегинин Африкада жайылышын изилдөөгө жумшаганда, биз азыр кененирээк билим базасына ээ болот элек”, — деген Адлер.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дагы маймыл чечеги вирусу бир катар Африка өлкөлөрүндө ондогон жылдар бою жашап келе жатканына карабастан, ага изилдөө жана каржылоо жагынан көңүл бурулбай келгенин моюнга алат. ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети маймыл чечеги эле эмес, башка “унутулган ооруларга” карата мамилени өзгөртүүгө чакырган.

Жыйынтык: Маймыл чечеги вирусу адамдар арасында 2017-жылы эле жайыла баштаганы чындык. Бирок ушул жылдын май айына чейин ага жетиштүү көңүл бурулган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты