Майлуу-Суунун тургундардын 68 пайызы жылуулук менен камсыз болду

  • 2 года мурун

Майлуу-Суунун тургундардын 68 пайызы жылуулук менен камсыз болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-январда саат 20:30га карата Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ичүүчү таза суу жана турмуш тиричиликке колдонуу үчүн 48 тонна суу шаар тургундарына жеткирилди.

Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр шаарларынын жылуулук тармагында эмгектенген адистер чакыртылып, катуу сууктан авариялык абалга келген көп кабаттуу турак жайлардагы жылытуучу түтүкчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерин баштады. Ал эми буга чейин №1, №4 от казандар ишке киргизилип, бүгүн №3 от казанга альтернативдүү жол катары жаңы түтүктөр орнотулуп, моторлор коюлууда.жалпысынан шаар тургундарынын 68 пайыз жылуулук менен камсыздалды.

Ошондой эле таза суу келүүчү суу түтүкчөлөрүн жылытууга мүмкүн болбогон 2 чакырым аралык жеринде жаңы суу түтүгүн орнотуу максатында 11 техниканын тартылып, казуу иштери жүрүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты