Майлуу-Суудагы көп кабаттуу үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалууда

  • 2 года мурун

Майлуу-Суудагы көп кабаттуу үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Суукта үзгүлтүккө учураган жылуулукту калыбына келтирүүгө жана шаар тургундарын суу менен камсыз кылуу үчүн жалпысынан жалпы 27 техника, 170 кызматкер тартылды. Анын ичинен жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 28 кызматкер, 10 техника кесепеттерди жоюу иштерин аткарып жатышат. Учурда № 1, 4 от казан ишке киргизилип, көп кабаттуу үйлөрдүн 80 пайызы жылуулук менен камсыздалууда. Мындан сырткары “Кыргызнефтегаз” ишканасы шаардын Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза суу системасын атайын техника менен эритүү иштерин аткарып, жалпы 1234 абоненттин 807 абонентине ысык суу берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты