Майлуу-Сууда жылуулуксуз калган тургундар үчүн убактылуу жай ачылды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында үйүндө суу жана жылуулук жок жарандар үчүн убактылуу жай ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, жылуулуксуз калган шаар тургундары үчүн ооруканада жана окуу жайдын жатаканасында жалпы 102 орундук даярдалды.

Ал эми жергиликтүү бийлик шаар аймагындагы жеке тамактануучу жайлардын ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 60 адамды кабыл алууга даяр экенин билдиришти.

Учурда ӨКМдин өздүк курамынын кызматкерлери тоңуп калган суу түтүкчөлөрүн эритүү аракетин көрүүдө.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январда шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Ал эми 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Кийинчерээк, №1 жана №4 отказан жылуулук бере баштагандыгы маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты