Майлуу-Сууда таза суу толук кандуу бериле баштады
- 1 год мурун
Бүгүн, 25-январдан тарта Майлуу-Суу шаарынын тургундарына ичүүчү суу толук кандуу бериле баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15 чакырым аралыктагы суу түтүкчөлөрү ӨКМдин өздүк курамы жана шаар суукана ишканасынын кызматкерлери тарабынан эритилди.
Майлуу-Суу шаарында 30 миңге чукул эл жашайт. Шаарда 12-январдан баштап жылуулук токтоп, таза суу жана саркынды суулар аккан курлар тоңуп калган.
12-январь күнү шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, азыр калыбын келтирүү иштери жүрүп жатат.
Муну бөлүшүү