Майлуу-Сууда 3 500 чарчы метр жер тилкеси мэриянын балансына алынды
- 10 ай мурун
Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 2 миллион 859 миң 500 сомго бааланган жер тилкеси муниципалдык менчикке алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Текшерүүдө Майлуу-Суу шаарынын борборунда орун алган 3 500 чарчы метр жер тилкесине укук тастыктоочу иш кагаздары алынбагандыгы жана мэриянын балансында жок экендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан Майлуу-Суу шаарынын мэринин наамына аталган жер аянтын муниципалдык менчикке алуу боюнча сунуштама келтирилип, жыйынтыгында жер тилкеси муниципалдык менчиктин балансына алынды.
Муну бөлүшүү