Майдагы майрамдар учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүшөт

  • 2 года мурун

Майдагы майрамдар учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүшөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ар кандай кылмыштуу көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана кырдаалды козөмөлдөөнү камсыздоо максатында ИИОнун өздүк курамы 30-апрелден 10-майга чейин кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн тартибине өтүшөт. Май айындагы майрамдарды өткөрүүгө даярдык көрүү мезгилинде милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, республиканын аймагында мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу боюнча уюштуруу жана алдын алуу иш-чараларынын комплекси өткөрүлөт. Милиция майрам учурунда адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. ИИОнун кызматкерлери мыйзам чегинде иш алып барууга, жарандардын укуктарын коргоого, укук бузуулар аныкталган учурда ээлеген кызматына жана абалына карабастан ар бир адамды жоопкерчиликке тартууга милдеттүү. Мындан тышкары, ЖКККББ жана МККБнын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүшөт. Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкаруучуларга көбүрөөк көңүл бурулат. Урматтуу жарандар, ИИО коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алууңузду, белгиленген тартипти сактоону, колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөнү суранабыз. Шектүү жарандарды байкаган же ээсиз буюмдар табылган учурда бул тууралуу ички иштер органдарына 102 телефону боюнча токтоосуз маалымдоону өтүнөбүз.

Милиция кызматкерлери Кыргызстандын жашоочулары үчүн май айындагы майрамдарды кырсыксыз өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүшөт!

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты