Май айынан тарта Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт
- 7 месяцев мурун
Май айынан тарта Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” тиешелүү документтин долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
«Аталган тарифтик саясат 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөрдүн топтору үчүн өткөн жылдын факт жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлине жыл сайын түзөтүүлөрдү киргизүү менен тарифтерди белгилөөнү карайт. 1-майдан тартып бардык акыркы керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясынын тарифтери өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине түзөтүлүп, 10,8 пайызга жогорулашы күтүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.