МАГАТЭ Запорожье АЭСиндеги кырдаал боюнча отчетун жарыялады

  • 2 года мурун

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) дүйнө коомчулугун Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасында тез арада коргоо зонасын түзүүгө жана АЭСтин аймагын аткылоону токтотууга көмөктөшүүгө чакырды.

Бул тууралуу МАГАТЭнин Запорожье АЭСине болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамада айтылат.

МАГАТЭ ядролук апааттын алдын алуу үчүн станциянын аймагында атайын коопсуздук зонасын түзүү боюнча консультацияларды дароо баштоого даяр экенин билдирди.

Агенттик Запорожье АЭСин жана ага чектеш территорияны аткылоону тез арада токтотуу керектигин эскертти. Ал эми МАГАТЭнин адистери Запорожье АЭСинин ишине мониторинг кылууну улантат.

МАГАТЭнин отчетунда станцияны аткылоодон жабыркаган объектилердин тизмеси жарыяланды. Ага ылайык, турбиналарды майлоочу май сакталган цистерналар, бир нече имараттардын чатырлары, анын ичинде күйүүчү май ташуучу автоунаалар жайгашкан гараж жана бишка объектилерге зыян келтирилген.

МАГАТЭнин миссиясы Запорожье АЭСине 1-сентябрда барган. Агенттиктин эксперттер тобу 5-сентябрда ишин жыйынтыктап станциядан чыгып кеткен. МАГАТЭнин эки адиси Запорожье АЭСинде калганы, алар туруктуу иштейт деп күтүлүп жатканы айтылган.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы айларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралган. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты