“Мага сеникиндей төшү чоң кыздар жагат”. Иш ордунда сексуалдык ыдыкка кабылган кыздын баяны (Фоторепортаж)

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда жыныстык асылууга туш болот. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, жумушта ыдыкка кабылган аялдар “Мени иштен кетирип салышсачы?”,  “Башка жумуш таба аламбы?”, “Кесиптештерим мени күнөөлөшсөчү?” деген сыяктуу өзүн күнөөлүү сезген ойлорду ойлоп,  иш ордунда ыдыкка кабылганы тууралуу ооз ачпоого мажбур болушат.

Себеби, жыныстык ыдык тууралуу коомдо ачык айтуудан сестенүү «бул жагдайда аял өзү күнөөлүү» деген коомдук пикирге барып такалат. Бул күнөөлүү адамдын жазадан кутулуп кетишине себеп болот. Аны менен катар Кыргызстанда мыйзам дагы аял кишини сексуалдык ыдыктан коргобойт. Учурда Кыргызстанда сексуалдык ыдык көрcөтүүгө каршы мыйзам иштелип чыга элек. Айрым депутат айымдар бул тууралуу демилгелерди гана көтөрүп келет. 

Биз бул жолу “Жетишет” фотодолбоорунун алкагында иш ордунда сексуалдык ыдыкка кабылган Жанаранын окуясын баяндап беребиз. 

“Белгилүү, перспективдүү курулуш компаниясына жумушка орноштум деп сүйүнүп жүргөм”

“Мага сеникиндей төшү чоң кыздар жагат”. Иш ордунда сексуалдык ыдыкка кабылган кыздын баяны (Фоторепортаж)

Жанара университетти бүткөндөн кийин эки жылча өз кесиби боюнча өзүнө жаккан, маянасы жакшы жумуш таба албай убара тарткан. Каарманыбыз эки жылдай жумуш издеп, аны менен бирге ата-энесинин чакан ишине жардам берип жүрөт. Ошондой күндөрдүн биринди Жанара Бишкектеги белгилүү курулуш компаниясынан чакыруу алып, ал жакта иштеп баштайт. Бирок жумуш тапкан менен Жанаранын жашоосу ал күткөндөй жакшы жакка өзгөргөн эмес.

“Мен Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүргөм. Кесибим боюнча дизайнермин. Тагыраагы,  меники курулуш тармагындагы дизайнерлик. Окууну бүткөндөн кийин көпкө чейин жакшы жумуш таба албай, ата-энемемдин бизнесине жардам берип эле жүрдүм. Бирок кесибим боюнча вакансияларды дайыма карап, резюме жиберип турчумун. Бир күнү белгилүү компания резюмемди жактырып, баарлашууга чакырышты. Баарлашуудан кийин телефон чалышып, жумушка кабыл алышканын айтышты. Ошондо менин сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Кыялымдагы жумушту таптым деп аябай кубангам. Ошентип ал жумушка орношуп, иштей баштыдым. Башында ишке көнө албай техникалык каталарды кетирип, үйрөнүп жүрдүм. Бир ай дегенде көнүп, коллектив менен да аралашып калдым. Бирок ошол бир айдан кийин мен иштеген бөлүмдүн жетекчиси мага өзгөчө мамиле кыла баштады. Анын мындай өзгөчө мамилеси мага аябай ыңгайсыздык жаратып, жумушка болгон каалоомдо өчүрүп, өмүр бою жүрөгүмө так калтырды”. 

Каарманыбыздын айтымында, жетекчиси башында ага сылык мамиле жасачу. Жумуштан суранса жиберип, ал тургай иш үстүндө Жанара кетирген каталарды да көз жаздымда  калтырып койчу. Кийинчерээк жетекчиси ага атынан эркелетип кайрыла баштаган. 

“Мага сеникиндей төшү чоң кыздар жагат”. Иш ордунда сексуалдык ыдыкка кабылган кыздын баяны (Фоторепортаж)

“Жумушка киргениме бир ай болгондо жетекчим мага “Жанарочка”, кээде “Жакуш” деп кайрылып калды. Ооба, анын минтип кайрылганы мага такыр жакчу эмес. Бирок оюмда эч жаман нерсе жок эле бул нерсеге маани бербегенге аракет кылчумун. Көрсө баары ошондо эле башталган экен. Бир-эки жолу ал мен окуган курс жакта жашарын айтып, жумуштан кийин курсума жеткирип койгон. Ошондо эле экөөбүз чогуу кетип баратканда ар кандай тамашаларда айтып мага ыңгайсыздык жараткан. Ага деле көп маани берген жокмун. Балким ал өзү ошондой адам болсо керек деп койчумун”. 

“Күтүлбөгөн жерден төшүмдү кармады”

Бара-бара ал жетекчи Жанарага сексуалдык ыдык көрсөтө баштаган. 

“Мага сеникиндей төшү чоң кыздар жагат”. Иш ордунда сексуалдык ыдыкка кабылган кыздын баяны (Фоторепортаж)

“Бир күнү жетекчим мени өнөктөштөр менен тамактануу болот деп чакырды. Ал жакка барганда кийип турган көйнөгүмдү кечке карап туруп, “Сенин төшүң көрсө чоң эле турбайбы! Мага сеникиндей төшү чоң кыздар жагат да” деп күтүлбөгөн жерден төшүмдү кармап салды. А мен анын мындай мамилесинен кирерге тешик таппай, ошол кечтин аягына чейин өзүмдү коёрго жер таппай отурдум. Көпкө чейин ыңгайсыз болуп жүрдүм. Андан кийин ошол көйнөктү дагы такыр кийген жокмун. Ал күндөн кийин төшүмө болгон комплекс да пайда болду. Азыр төшүмдү кичинекей кылып көрсөткөнгө аракет кыла берем”.

 “Тамашаламыш болуп белимен, колуман кармалай берээр эле”

Кийинчерээк Жанаранын жетекчиси ага ар кандай интимдик сунуштарды айтып баштаган. Иш учурунда, андан кийин дагы Жанарага сексуалдык куугунтугун күчөтүп, каарманыбызды кордой берген.

 “Бизнес-ланчтагы окуядан кийин эми өзүмө келе баштаганда кечке маал жумуш аяктап баары үйлөрүнө кетип жатканда жетекчим мен жакка басып келип, акырын кулагыма “Жүрү меникине, мен сага бир нерсе көрсөтөм, жыргатам!” деп шыбырады. Мен эмне дээримди билбей эле нес болуп калдым. Анан ал колумдан кармап, дагы бир нерсе айтайын деп жатканда курбу кыздарым менен жолугарымды айтып колумду силкип туруп, шашып чыгып кеттим. Эртеси дагы, андан кийин дагы  жумуштан тамашаламыш болуп белимен кармап, колуман кармалап, ар кандай сөздөрдү айтып жүрдү. Анын ар бир тамашасында жыныстык асылуу бар болчу. Анын ошол айткан ар бир сөзү мага аябай катуу тийип, мени басмырлайт эле. Анткени ал орусча айтканда аябай эле “пошлый” тамашаларды айтчу. Ооба, мен дагы анын ыдык мамилесине чыдап жүрө бердим. Себеби, жумушка киргениме аз эле болгон. Жумуштан кетип калсам, ата-энеме иштей албай чыгып кеткендей туюлмакмын”.

“Айып пулдарды  жазып, иштеримди жаратпай жүз жолу оңдотчу”

“Мага сеникиндей төшү чоң кыздар жагат”. Иш ордунда сексуалдык ыдыкка кабылган кыздын баяны (Фоторепортаж)

Жанаранын айтымында, жетекчиси ага жумуштан кийин дагы социалдык тармактардан интимдик каттарды жазчу. Эң кызыгы, жетекчи кызматтык абалынан пайдаланып, Жанара жооп бербеген билдирүүлөр үчүн жумуштан айып пулдарды салып, сөгүш берчү.

“Кечинде “Сүрөт жиберчи, кандай кийим кийип жүрөсүң?” деген каттарды көп жазчу. Мен ачууланып жооп бербей, бүт өчүрүп, тазалайм. Телефонумду да эч кимге карматпай, дайыма жанымда алып жүрчүмүн. Анын андай каттарын бирөө көрүп калса уят болом, мени эмне деп ойлошот деп корунчумун. Ал эми жумушта тиги жетекчим эч нерсе болбогондой башкалардын көзүнчө өзүн зыңкыйып алып жүрчү. А мен анын бетин карай албай, жумушка келгим келбей өзүмдү аябай жаман сезем. Анан дагы ал каттарга жооп бербеген күндүн эртеси жумушта мага аябай жаман мамиле кылар эле. Айып пулдарды жазып, иштеримди жаратпай жүз жолу оңдотчу. Акыркы күндөрү кесиптештерим дагы мени чын эле иштей албай жаткан адамдай кабыл ала башташкан. Жумушка барган ар бир күнүм мен үчүн ушундай оор, тозоктогу күндөрдөй эле өтчү”.

“Жетекчимдин ыдыгына чыдай албай, акыры жумуштан чыгып кеттим”

“Мага сеникиндей төшү чоң кыздар жагат”. Иш ордунда сексуалдык ыдыкка кабылган кыздын баяны (Фоторепортаж)

Жанара ал компанияда үч эле ай гана иштеген. Эки айдай жетекчиси Жанараны кордогон. Аягында каарманыбыз эч кимге айтпай, качып кутулганын айтат.

“Жанагындай, уят каттарды жазат. Жооп бербесем жумуштан калп эле кесиптештеримдин көзүнчө урушат, иштеген ишимди такыр жаратпайт. Анан албетте, мындай мамилеге чыдай алган жокмун. Ошол эки айдын ичинде аябай депрессияга да батып кеттим. Кадимкидей эртең менен жумушка баргым келбей ойгончумун. Аябай арыктап да кеттим. Аягында ошондой стресстен улам чачым түшүп баштаган. Бир күнү бул күндөргө эртерээк чекит коюшум керек деп өзүмчө чечим чыгарып жумушка барбай койдум. Эч кимге себебин дагы айткан жокмун. Анткени эч ким мага ишенбейт эле. Тигил жетекчи сөрөй элге зыңкыйып өзүн жакшы адамдай алып жүрчү. Анан албетте, ага ишенишмек. Жаңы эле жумушка келген кызга ким ишенмек эле? Тиги жетекчи сөрөй жумуштан кеткенден кийин да чалып, смс жазып жүрдү. Мен анын номерин блоктоп, жашаган батиримди да алмаштырдым”.

“Азыркы күнгө чейин стрессте жүрөм”

“Мага сеникиндей төшү чоң кыздар жагат”. Иш ордунда сексуалдык ыдыкка кабылган кыздын баяны (Фоторепортаж)

Бул окуянын болгонуна алты ай өтсө дагы Жанара өзүнө келе албай жүргөнүн айтат. Каарманыбыздын мындай сексуалдык ыдыктан кийин кайрадан жаңы жумушка кирип, жаңы жашоо баштай албай жаткан чагы.

“Азыр үйдө элемин. Ата-энеме жардам берип жүрөм. Азырынча иштегим келбей эле. Себеби, жумуш тууралуу менде аябай жаман ассоциация калып калган окшойт. Качан, кантип, кайра өзүмө келип жаңы жашоо баштайм, билбейм. Анткени менде азыр толтура комплекс, фобиялар пайда болгон. Бул окуяны да эч кимге айткан жокмун. Ата-энеме кантип айтам? Аларга жөн эле жумуш жакпай калып, чыгып кеттим деп койдум. Курбуларыма айткам. Эң кызыгы, мен аларга өз окуямды айтып бергенден кийин алар дагы жумушта харассментке, сексуалдык ыдыкка кабылганын айтышты. Көрсө, мендейлер көп экен. Көбү маани бербейт, бирок харассмент адамды басынтат экен”,- деп каарманыбыз сөзүн аяктады. 

Автор: Эркайым Асанканова

#ЖЕТИШЕТ! долбоору, “IDEA CA” коомдук уюмунун жардамы менен жана “Луч света” Регионалдык программа Инициативасынын колдоосу менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен “Луч света”  Регионалдык программа Инициативасынын  көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты