Мадумаров Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иштери тууралуу маселе көтөрдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 12-январда депутат Адахан Мадумаров мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иштери тууралуу маселе көтөрдү.

«Жогорку Кеңеш өзүбүздүн функциябыздан бир аз сыртка чыгып кетип баратабыз. Чарбалык маселени көп айтып кеттик. Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алып койсок баары калыбына түшөт. Мыйзамсыз кармалып отурган 26 кыргыз жарандары тууралуу маселеге көңүлдүн ортосунан орун табылбай жатат. Башкы прокурордун орун басарына мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча ким жоопко тартылды деген суроо койдум. Кезинде Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиев боюнча 7 кылмыш иши козголгонун жарыя салган. Эч нерсе болгон жок. Башкы прокурор убактылуу кызматынан четтетилди. Экөө бири-биринен табышкандай болуп, башкы прокурор кайра кызматына келди«, — дейт Мадумаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты